«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын теке айынын 27де №57 токтому менен бекитилген «Тил боюнча комиссия жөнүндө» Жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-бөлүктүн:
- 1-пункттунун а), б), в), г), д) пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
а) Президенттик кызматка талапкерлерге жазуу ишин аткаруу үчүн 30 мүнөт убакыт берилет;
б) жазуу ишин текшерүүдө эки жагдай: биринчи - жазуу ишинин адабий тилдик ченемде аткарылышы, экинчиси талапкердин ой жүгүртүү жөндөмү эске алынат;
в) жазуу ишин баалоо: эгерде жазуу ишинде 5 (беш) же андан ашык ката (орфографиялык, пунктуациялык, стилдик) бар болсо, ал иш талапка ылайыксыз деп бааланат;
г) жазуу ишин аткаруу үчүн ар бир талапкерге Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган, эки интервал өлчөмүндө туура сызыктары бар 3 барак берилет;
д) талапкерлер алдын ала даярдап келген материалдарын көчүрүп колдонсо, сынактан четтетилет;
- 2-пункттунун а), б), в) пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
а) сынакта Президенттик кызматка талапкерлердин сүйлөө чеберчилиги, темага ылайык өз түшүнүгүн, оюн мамлекеттик тилде туура айта билүү жөндөмү, сүйлөө маданияты аныкталат;
б) Президенттик кызматка талапкерлердин сүйлөгөн сөзүнүн мазмундуулугу, ачык-айкындыгы, тактыгы, далилдүүлүгү, логикалуулугу жана түшүнүктүүлүгү бааланат;
в) Президенттик кызматка талапкерлердин кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактай билүүсүнө, башка тилдерди (орусча, англисче ж.б.) аралаштырбай таза сүйлөөсүнө, сүйлөө максатына ылайык тилдик каражаттарды (макал, ылакап, фразеологизм, учкул сөз, кесиптик терминдер ж.б.) өз орду менен пайдалана билүүсүнө, улуттук дөөлөттөрдүн негизинде адептүү, сылык-сыпаа, ийкемдүү сүйлөй билүүсүнө көңүл бурулат. Ал эми акцент жана диалектикалык өзгөчөлүктөр, сүйлөө дефектери баалоодо критерий катары эсептелбейт;
- 3-пункттунун:
а), б) пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
а) Президенттик кызматка талапкер кайсы чыгармадан көркөм окуй тургандыгын билет алуу тартибинде өзү аныктайт;
б) бул сынакта Президенттик кызматка талапкердин орфоэпиялык, стилдик ченемдерге ылайык мамлекеттик тилде эркин окуй билүүсү, текстти окуй билүү жөндөмү жана деңгээли бааланат;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Талапкердин жазуу ишин, оозеки сүйлөөсүн, көркөм окуусун текшерүү үчүн тегерек үстөлдө түз эфирдин шартында тил боюнча комиссияга 15-20 мүнөткө чейин убакыт берилет».
2) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Тил боюнча комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы жана убактысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн графике ылайык талапкерлер менен макулдашуу боюнча аныкталат».
3) 9-бөлүктөн «кем эмес» деген сөздөр алынып салынсын.
4) 10-бөлүктөгү «калыс» деген сөз «арсар» деген сөзгө алмаштырылсын жана акыркы сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Чечим мамлекеттик тилде чыгарылат жана тил боюнча комиссиянын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлгандан кийин расмий негизге ээ болот».
5) 11-бөлүктөгү «катышат» деген сөз «катышууга укуктуу» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6) 13-бөлүктөгү «тилди билүүлөрүн аныктоо жол жобосун» деген сөздөр «тил сынагын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жыл баш оона айы 17си
№ 150
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы
№57-токтому менен бекитилген
Тил боюнча комиссия жөнүндө Жобо
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тил боюнча комиссияны түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөө тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календарлык күндөн
кечиктирилбестен, мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курамы
12 адамдан турган тил боюнча комиссияны сунуш кылат, ал 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
Тил боюнча комиссиянын мүчөлөрү комиссия иштеген убакыт бою өздөрүнүн кызматтык милдеттеринен бошотулат, айлык акысы сакталат.
3. Тил боюнча комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тил боюнча сынагы талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып аларды каттоо аяктаган күнгө чейин белгиленет.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде белгилейт.
Талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн баяндай билүүсү менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү үчүн талапкер:
1) өзүнүн шайлоо алдындагы программасын 3 беттен ашпаган көлөмдө жазуу жүзүндө баяндай билүүсү керек.
а) Президенттик кызматка талапкерлерге жазуу ишин аткаруу үчүн 30 мүнөт убакыт берилет;
б) жазуу ишин текшерүүдө эки жагдай: биринчи - жазуу ишинин адабий тилдик нормада аткарылышы, экинчиси талапкердин ой жүгүртүү жөндөмү эске алынат;
в) жазуу ишин баалоо: эгерде жазуу ишинде 5 (беш) же андан ашык ката (орфографиялык, пунктуациялык, стилдик) бар болсо, ал иш талапка ылайыксыз деп бааланат;
г) жазуу ишин аткаруу үчүн ар бир талапкерге Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү басылган, 2 интервал өлчөмүндө туура сызыктары бар 3 барак берилет;
д) талапкерлер алдын ала даярдап келген материалдарын көчүрүп колдонсо, сынактан четтетилет.
2) талапкер өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндоо менен 15 мүнөткө чейин оозеки сүйлөп берүүсү керек.
а) сынакта Президенттик кызматка талапкерлердин сүйлөө чеберчилиги, темага ылайык өз түшүнүгүн, оюн мамлекеттик тилде туура айта билүү жөндөмү, сүйлөө маданияты аныкталат;
б) Президенттик кызматка талапкерлердин сүйлөгөн сөзүнүн мазмундуулугу, ачык-айкындыгы, тактыгы, далилдүүлүгү, логикалуулугу жана түшүнүктүүлүгү бааланат;
в) Президенттик кызматка талапкерлердин кыргыз адабий тилинин нормаларын сактай билүүсүнө, башка тилдерди (орусча, англисче ж.б.) аралаштырбай таза сүйлөөсүнө, сүйлөө максатына ылайык тилдик каражаттарды (макал, ылакап, фразеологизм, учкул сөз, кесиптик терминдер ж.б.) өз орду менен пайдалана билүүсүнө, улуттук дөөлөттөрдүн негизинде адептүү, сылык-сыпаа, ийкемдүү сүйлөй билүүсүнө көңүл бурулат. Ал эми акцент жана диалектикалык өзгөчөлүктөр,сүйлөө дефектери баалоодо критерий катары эсептелбейт.
3) талапкер көлөмү 3 беттен ашпаган басма текстти талапка ылайык окуп берүүсү керек.
а) Президенттик кызматка талапкер кайсы чыгармадан көркөм окуй тургандыгын билет алуу тартибинде өзү аныктайт;
б) бул сынакта Президенттик кызматка талапкердин орфоэпиялык, стилдик нормаларга ылайык мамлекеттик тилде эркин окуй билүүсү, текстти окуй билүү жөндөмү жана деңгээли бааланат.
Талапкердин жазуу ишин, оозеки сүйлөөсүн, көркөм окуусун текшерүү үчүн тегерек үстөлдө түз эфирдин шартында тил боюнча комиссияга 15-20 мүнөткө чейин убакыт берилет.
Тил боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө ар бир пункт боюнча өзүнчө үн чыгарып корутунду берет:
1) билет;
2) билбейт.
6. Талапкерди мамлекеттик тилди билбейт деп таануу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүүгө катышпаганы;
2) мамлекеттик тилде окуй, жаза жана өз оюн баяндай албаганы.
7.Тил боюнча комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасы жана убактысы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлүп, талапкер менен макулдашуу боюнча аныкталат.
- Тил боюнча комиссиянын жыйналыштарында кезек менен комиссиянын мүчөлөрү төрагалык кылышат. Төрагалык кылуучу тил боюнча комиссиянын жыйналышында чүчүкулак менен шайланат.
- Тил боюнча комиссиянын жыйналышына 9 мүчө катышса, тил боюнча комиссиянын жыйналышы укук ченемдүү болуп эсептелет.
10. Тил боюнча комиссиянын чечими катышып жаткан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Тил боюнча комиссиянын жыйналышында катышып отурган мүчөлөрүнүн эч кимиси добуш берүүдө
арсар болууга укугу жок. Тил боюнча комиссиянын чечимдерин кабыл алууда "макул" же
“каршы" добуштар бирдей болуп калган учурда, комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Чечим мамлекеттик тилде чыгарылат жана тил боюнча комиссиянын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрүнүн колу коюлгандан кийин
расмий негизге ээ болот.
- Тил боюнча комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин тилди билишин текшерүү жыйналышына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышууга укуктуу.
- Талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү талапкерлер үчүн бирдей шарттарды сактоо менен жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телекөрсөтүүсү талапкерлердин мамлекеттик тил сынагын түз ободон чагылдырууга милдеттүү.