№347 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер А.К. Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жолдошева Жылдызкан Айтибаевна катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Малиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастама берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 12-августу 
№ 347