№269 2017-жылдын 11-июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы № 175 токтому менен 2017-жылдын 11-июлуна дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын  шайлоо болуп өттү.

Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Сокулук  районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Чүй облусунун Сокулук  районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мурзакматов Нурболот Сапарбекович табылсын.

2. Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 23-июлу 
№ 269