№193 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Ө.Т. Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 19-пунктун, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 


ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер 
Ө.Т. Бабановдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Акназарова Роза Корчубековна; 
- Абылаев Адилет Абылаевич; 
- Акматалиев Рустам Майрамбекович; 
- Анаркулов Адилет Анаркулович; 
- Джулматов Асылбек Ниматович; 
- Дыйканбаев Уланбек Ыдырысович; 
- Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич; 
- Ибраев Расул Ажыгулович;  
- Ирискулбеков Эрик Белекович; 
- Укушов Мурат Каниметович.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин  кызмат ордуна талапкер 
Ө.Т. Бабановдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Тогузбаева Чынаркул Эшимкановна катталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер 
Ө.Т. Бабановдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.
4. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын -июлу
№ 193