№ 163 2015-жылдын 17- жана 25-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке жана Абдрахманов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 29-августундагы № 127 жана 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 132 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке жана Абдрахманов айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2015-жылдын 17- жана 25-сентябрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2015-жылдын 17-сентябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Шатенов Джумабек Абазович табылсын.

2. 2015-жылдын 25-сентябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Абдрахманов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Апсатаров Уланбек Сагынович табылсын.

3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр Аке жана Абдрахманов айыл өкмөттөрүнүн шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн. 

 

  ТӨРАГА                                                          Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 30-сентябры

№ 163

 

2015-жылдын 30-сентябрында жарыяланды