28.04.2021 №149 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкур, Сайдыкум жана Талдуу-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкур, Сайдыкум жана Талдуу-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман, Бешик-Жон, Кеңеш, Кызыл-Үңкур, Сайдыкум жана Талдуу-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына 2, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги:

- Акман  айылдык кеңешинин;

- Бешик-Жон айылдык кеңешинин;

- Кеңеш айылдык кеңешинин;

- Кызыл-Үңкур айылдык кеңешинин;

- Сайдыкум айылдык кеңешинин;

- Талдуу-Булак айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

          ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели

№ 149