26.04.2021 №142 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Суу, Кашка-Суу, Кош-Дөбө, Кызыл-Туу жана Ш.Назаралиев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Суу, Кашка-Суу, Кош-Дөбө, Кызыл-Туу жана Ш.Назаралиев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Ак-Жол, Ак-Суу, Жаңы-Жол, Жерге-Тал, Кара-Суу, Кашка-Суу, Кош-Дөбө, Кызыл-Туу жана Ш.Назаралиев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 4 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-апрелиндеги:
- Авлетим айылдык кеңешинин;
- Ак-Жол айылдык кеңешинин;
- Ак-Суу айылдык кеңешинин;
- Жаңы-Жол айылдык кеңешинин;
- Жерге-Тал айылдык кеңешинин;
- Кара-Суу айылдык кеңешинин;
- Кашка-Суу айылдык кеңешинин;
- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин;
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин;
- Ш.Назаралиев айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели
№ 142