№ 113 Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын комиссиянын курамын толуктоо жөнүндө кайрылуусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Давлетов Усен Карыкеевич, Жунушалиева Жылдызхан Сагынбековна, Рыскулова Алия Насыралиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017- жылдын   10 - майы

№113