№457 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын6,7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формалары бекитилсин (тиркелет).
2. Шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун формалары атайын коргоосу бар кагазда кыргыз жана орус тилдеринде даярдалсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 20 - сентябры
№ 457