№134 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жана  2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинде мандаттардын санын 31ди түзөт. С.Юсупова айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 7 шайлоо округ жана 8 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 13197 түзүп, анын ичинен 6815 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 51,6 % түзөт.

Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинде мандаттардын санын 31ди түзөт. Кара-Кулжа айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 7 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 10003 түзүп, анын ичинен 3867 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 38,6 % түзөт.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинде мандаттардын санын 21ди түзөт. Ак-Таш айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 4101 түзүп, анын ичинен 2110 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 51,4 % түзөт.

Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинде мандаттардын санын 31ди түзөт. Жоош айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 8 шайлоо округ жана 13 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 12872 түзүп, анын ичинен 5458 шайлоочулар добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 42,4 % түзөт.

Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинде мандаттардын санын 11ди түзөт. Бүлөлү айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн   көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 1108 түзүп, анын ичинен 539 шайлоочулар добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 48,6 % түзөт.

Араван районунун С.Юсупова, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жоош жана Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).

3. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).

4.  Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколдору бекитилсин (4-тиркеме).

5. Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (5-тиркеме).

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу жана Алай аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн

 ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

Бишкек ш., 2017-жылдын 5 - июну

№ 134