№131 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы  менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Көк-Жаңгак шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 4634тү түзүп, анын ичинен 1289 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 27,8 % түзөт.

Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Сузак аймактык шайлоо комиссиясына жана Көк-Жаңгак шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА    

Бишкек ш, 2017-жылдын 5-июну,  

№ 131