№136 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

№136 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Совет айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округ жана 1 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 517 түзүп, анын ичинен 282 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 54,5 % түзөт.

Кадамжай районун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                                        Н.ШАЙЛДАБЕКОВА   

 Бишкек ш., 2017-жылдын 5- июну

№ 136