“Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сабиров Равшан Азатовичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бейшенбаева Гульниза Жумабековна “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаты Бейшенбаева Гульниза Жумабековнага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 11-январы
№ 6