21.02.2020 №62 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечими менен берилген сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 10-февралындагы ПЖ №32 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан, Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңештеринин, Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

         2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-февралы

62