28.05.2021 №339 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планы жөнүндө

2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык  планы жөнүндө

 

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 58-беренесинин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 231 Жарлыгы менен 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы    

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-июлуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-майы

№ 339