№65 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколун бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участкасы түзүлгөн. Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 11 мандатка 28 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2321ди түзүп, анын ичинен 856 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 36.88% түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине ылайык, №7322 жана №7323 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 19-майындагы протоколдорунун негизинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана шайлоонун жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 19-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 22-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 27-майы
№65