№527 2017-жылдын 26-октябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 12-октябрындагы № 510 токтому менен 2017-жылдын 26-октябрына дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Чодуев Урмат Асылбекович табылсын.
2.  Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 31-октябры, 
№ 527