№ 192 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумдагы (бүткүл добуш берүүдөгү) добуш берүү үчүн бюллетендер жөнүндө

 “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын  31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө)  добуш берүү үчүн бюллетендердин формасы жана коргоо даражасы бекитилсин (1-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө)   добуш берүү үчүн бюллетендердин тексти бекитилсин (2-тиркеме).

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий ссайтына жарыялансын (тиркемесиз).

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ттөрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 8-ноябры

№ 192