Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Айдакеева Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 28-августундагы № 396 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Респуликасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган.
Талас облустук сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 29-июнундагы №АТ-02/15 УД өкүмүнүн негизинде Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2015-жылдын 20-июлундагы № Б-6/IV буйругу менен Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К.Ниязалиев ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы №423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2015-жылдын 8-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Аламүдүн жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 20-ноябры
№ 183
2015-жылдын 20-ноябрында жарыяланды