Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6 жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо жөнүндө берген арыздарына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл аралык байкоочу катары аккредитациялансын:
- Европа Парламентинен (№1 тиркеме - 11 адам);
- «CIS-EMO» шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык уюмунан (№2 тиркеме - 5 адам);
- Эл аралык мамилелердин улуттук демократиялык институтунан (NDI) (№3 тиркеме - 2 адам);
- ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынан (№4 тиркеме - 9 адам);
- Шайлоо системаларынын эл аралык фондунан (IFES) (№5 тиркеме - 1 адам);
- Ислам Конференциясы уюмунан (№6 тиркеме - 1 адам);
- Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен (№7 тиркеме - 4 адам);
- АКШ элчилигинен (приложение №8 - 10 человек);
- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар Миссиясынан (№9 тиркеме - 5 адам);
- Азия жана Африка элдеринин тилктештигинин Россия коомчулугу
( №10 тиркеме - 4 адам);
- Кыргыз Республикасындагы Европа Бирлигинин өкүлчүлүгү (№11 тиркеме - 6 адам);
- Токио шаарындагы «Евразия клубу» бейөкмөт уюмунан (№12 тиркеме - 1 адам);
- Норвегия Хельсинск Комитети (№13 тиркеме - 1 адам);
- Индонезиянын Ташкент шаарындагы элчилиги (№14 тиркеме – 1 адам).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКга жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев
Бишкек ш., 2010-жылдын 6-октябры
№ 305