№ 63 2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдыкты уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календарлык планы бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 04-апрели

№ 63