№ 5 “Чүй облусунун Аламүдүн районунун №7159 жана Ош облусунун Өзгөн районунун №5057 шайлоо участкаларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча кайра добуш берүүнү дайындоо жана өткөрүү жөнүндө” Аламүдүн жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияла

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чүй облусунун Аламүдүн районунун №7159 жана Ош облусунун Өзгөн районунун №5057 шайлоо участкаларында кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө” 2016-жылдын 30-декабрындагы №279 токтомунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                         ТОКТОМ КЫЛАТ:   

 

1. “Чүй облусунун Аламүдүн районунун №7159  жана Ош облусунун Өзгөн районунун №5057 шайлоо участкаларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча кайра добуш берүүнү дайындоо жана өткөрүү жөнүндө” Аламүдүн жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын 2017-жылдын 4-январындагы чечимдери бекитилсин.

2.Чүй облусунун Аламүдүн районунун №7159 шайлоо участкасында, Ошу облусунун Өзгөн районунун №5057 шайлоо участкасында кайра  добуш берүүнү өткөрүү 2017-жылдын 15-январына дайындалсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Өзгөн жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн.

 4.   Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  расмий сайтына жарыялансын.

 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бегматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 10-январы

№ 5