“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына, “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендин таризи бекитилсин (№ 1 тиркеме).
2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун таризи бекитилсин (№ 2 тиркеме).
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдук аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 17-августу
№ 155