№477 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталсын:
1)Остроси Миранда, Албаниядагы ЕККУ программасынын кызматкери (ЕККУ ПА) (1-тиркеме);
2)Хайдер Роман, Австриянын Улуттук Кеңешинин мүчөсү (ЕККУ ПА) (1-тиркеме);
3)Гулиев Азай, Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин кызматкери (1-тиркеме);
4)Али-Зада Миркамаль, Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин кызматкери (1-тиркеме);
5)Ячев Борис, Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме); 
6)Веселинов Искрен, Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
7)Хорник Ян, Чехия Республикасынын Сенатору – Парламенттин мүчөсү (1-тиркеме);
8)Демир Сильвия, Чехия Республикасынын Тышкы байланыштар департаментинин директорунун орун басары (1-тиркеме);
9)Бебарова-Руйброва Зузка, Чехия Республикасынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
10)Кук Майя Пандуро, Дания Королдугунун Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
11)Колчанов Стефани, ЕККУ ПА эл аралык катчылыктын илимий изилдөөчүсү (1-тиркеме);
12)Дафтари Фарима, ЕККУ ПА программалык кызматкери (1-тиркеме);
13)Дробински-Вайсс Эльвира, Бундестагдын мүчөсү (1-тиркеме);
14)Юттнер Эгон, Бундестагдын мүчөсү (1-тиркеме);
15)Чампурис Георгиос, Греция Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
16)Димас Христос, Греция Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
17)Ваременос Георгиос, Греция Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
18)Скальюзи Эмануэле, Италиянын депутаттар палатасынын мүчөсү (1-тиркеме);
19)Скалиа Франческо, Италиянын Сенатынын мүчөсү (1-тиркеме);
20)Аиелло Фердинандо, Италиянын депутаттар палатасынын мүчөсү (1-тиркеме);
21)Де Пиетро Кристина, Италиянын Сенатору (1-тиркеме);
22)Жолдасбаев Муратбай, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты (1-тиркеме);
23)Вогт Гюнтер, Лихтенштейн Падышалыгынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
24)Хоксруд Баард Андре, Норвегия Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
25)Солберг Торштайн Тведт, Норвегия Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
26)Влосович Ячек Владислав, Польша Республикасынын сенатору (1-тиркеме); 
27)Абреу Де Фигуеиредо Медеирос Хосе Мигель, Португалия Республикасынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
28)Сантос Пауло Мигель Да Сильва, Португалия Республикасынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
29)Сибинеску Ионут, Румыниянын сенатору (1-тиркеме);
30)Фенекиу Каталин-Даниель, Румыниянын сенатору (1-тиркеме);
31)Дунава Костел Некулай, Румыния парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
32)Туров Артем Викторович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думанын депутаты (1-тиркеме);
33)Корниенко Алексей Викторович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты (1-тиркеме);
34)Карсека Сергей Иванович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Аппаратынын  эл аралык кызматташтык башкармалыгынын бөлүм жетекчиси (1-тиркеме);
35)Вервега Весна, Словения Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
36)Кастел Форт Лаура, Испания Королдугунун Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
37)Чикийо Барбер Хосе Мария, Испания Королдугунун Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
38)Сальстром Свен-Олоф, Швеция Королдугунун Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
39)Седерфелт Маргарета Элизабет, Швеция Королдугунун Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
40)Харстедт Кент Рольф Магнус, Швеция Королдугунун Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
41)Илери Дженк, Түрк Республикасынын Парламентинин кызматкери (1-тиркеме);
42)Карайел Исмаил, Түрк Республикасынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
43)Гочер Джелил, Түрк Республикасынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
44)Давидюк Микола, Украинанын Жогорку Радасынын кызматкери (1-тиркеме);
45)Герасимов Артур, Украинанын Жогорку Радасынын кызматкери (1-тиркеме);
46)Евменчикова Ирына, Украинанын Жогорку Радасынын кызматкери (1-тиркеме);
47)Попов Игорь, Украинанын Жогорку Радасынын кызматкери      (1-тиркеме);
48)Сабашук Ирына, ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын кызматкери (1-тиркеме);
49)Баронесса Хилтон Эггардон Дженнифер, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кошмо Королдугунун Вестминстер парламентарийдин үйүндөгү Лорддордун палатасынын мүчөсү (1-тиркеме);
50)Пэрри Натаниэль, ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын байланыш жана басма сөз кызматынын жетекчиси (1-тиркеме);
51)Энн-Сесилия Блоублом-Делкруа, Франциянын Улуттук Ассамблеясынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
52)Солвей Мари-Элен Мобёрн, Франциянын Улуттук Ассамблеясынын Парламентинин мүчөсү (1-тиркеме);
53)Фиала Дорис, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын төрагасы, Швейцария конфедерациясынын парламентинин мүчөсү (ЕКПА) (2-тиркеме);
54)Козманьчук Корнелиу Мугурел, Румыниянын депутаттар палатасынын мүчөсү (2-тиркеме);
55)Цесгер-Залан Жолт, Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Парламентинин мүчөсү (2-тиркеме);
56)Галати Джузеппе, Италия Парламентинин мүчөсү (2-тиркеме);
57)Де Санта Ана Фернандез Мария де ла Консепсион,  Испания Королдугунун Конгрессинин депутаты (2-тиркеме);
58)Гутьеррес Антонио, Парламенттин мүчөсү, Депутаттардын Конгресси (2-тиркеме);
59)Корсини Паоло, Италиянын Сенатынын мүчөсү  (2-тиркеме);
60)Серао Идалия, Республикалык Ассамблеянын Парламентинин мүчөсү (2-тиркеме);
61)Фридез Пьер-Ален, Көзкарандысыз доктор (2-тиркеме);
62)Сепеда Хосе, Испания Королдугунун Сенатынын мүчөсү (2-тиркеме);
63)Вергос Блондин Мэривенн, Франция Республикасынын Сенатынын мүчөсү (2-тиркеме);
64)Мулярчик Аркадуш, Польша Республикасынын Сейминин мүчөсү (2-тиркеме);
65)Онал Суат, Түрк Республикасынын Парламентинин мүчөсү   (2-тиркеме);
66)Годскесен Индеборг, Норвегия Королдугунун Парламентинин мүчөсү (2-тиркеме);
67)Джордана Карлес, Андорра Падышачылыгынын Башкы Кеңешинин мүчөсү (2-тиркеме);
68)Гентвиль Симон, Сеймдин мүчөсү, Айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (2-тиркеме);
69)Овербек Хендрик Вилем, Нидерланддар Королдугунун Сенатынын мүчөсү (2-тиркеме);
70)Кальченко Сергей Витальевич, Hillmont Partners юридикалык фирманын ассоциациялаштырылган өнөктөшү (2-тиркеме);
71)Кузнецов Сергей Анатольевич, Бөлүм башчы, Венеция Комиссиясы (2-тиркеме);
72)Чахбазян Чемавон, Парламенттер аралык кызматташтык жана шайлоону байкоо бөлүмүнүн башчысы (2-тиркеме);
73)Торцаториу Богдан Стефан, Парламенттер аралык кызматташтык жана шайлоону байкоо бөлүмүнүн администратору (2-тиркеме);
74)Дэшлер Франк, Парламенттер аралык кызматташтык жана шайлоону байкоо бөлүмүнүн башкы административдик жардамчысы (2-тиркеме);
75)Годфри Энн, Парламенттер аралык кызматташтык жана шайлоону байкоо бөлүмүнүн жардамчысы (2-тиркеме);
 2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
 3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
 4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.


ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын  27-сентябры
№477