“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15-бөлүктөрүнө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Тоң району боюнча атайын өкүл Б.К.Өмүралиевдин баяндама катынын, Г.Г.Тапаеванын, А.Т.Абдрахманованын, Э.К.Садыровдун, А.С.Жаңыбаевдин, Ш.К.Арзыбаеванын, Ж.Ж.Субанкуловдун, Ч.К.Болотованын, А.И.Курбановдун, Б.Т.Сыдыковдун, Л.В.Марченконун, И.П.Володинанын арыздарынын негизинде, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлунда өткөрүлгөн чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“Мекен ынтымагы” саясий партиясынан Арзыбаева Ширинкан Кадыровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы” саясий партиясынан Карабаев Замирбек Самаматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Субанкулов Жаныбек Жумабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын.
3. Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“Бүтүн Кыргызстан” (Единый Кыргызстан) саясий партиясынан Курбанова Абийбила Исакович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Акшумкар” саясий партиясынан Алишерова Асылкан Жакыповна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Талас облусунун Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сыдыков Болот Түлөгабылович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Султаналиев Самат Фазылович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Болотова Чолпонкүл Керимбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Мамырканов Алмарбек Көкүмболотович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
6. Ысык-Көл облусунун Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“Ар-Намыс” (Партия достоинства) саясий партиясынан Тапаева Гүлмира Геннадьевна, “Ата-Журт” Мекенчил партиясы” саясий партиясынан Апсаматов Алмасбек Турарович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Садыров Эркинбек Качкынбаевич, Жаңыбаев Айбек Сталбекович, Абдрахманова Айгүл Турдукуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Улуу Биримдик” улутчул-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Алиев Майрамбек Аскарбекович, “Бүтүн Кыргызстан” (Единый Кыргызстан) саясий партиясынан Бейшембаев Жеңишбек Түркөбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Шамиев Жаркынбай, Сагынов Кубанычбек Саламатович, Узакбаева Сүйдүмкүл Жумакадыровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
7. Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
-“Эл Үчүн” (За народ) саясий партиясынан Володина Ирина Петровна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Марченко Людмила Васильевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Туран” Демократиялык партиясы” саясий партиясынан Келдибеков Алишер Данышманович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Максименко Светлана Вячеславовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
8. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 12-августу
№ 109