«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр, Кызыл-Дыйкан; Панфилов районунун Орто; Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр, Сары-Колот, Сарай; Кара-Кулжа районунун Кеңеш; Алай районунун Кабылан-Көл, Коңур-Дөбө; Ноокат районунун Көк-Бел, Н. Исанов атындагы; Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров; Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян; Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой; Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2015-жылдын 25, 26-июнуна тиркемеге ылайык дайындалсын.
- Жайыл, Панфилов, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Бакай-Ата, Кара-Буура, Жумгал, Баткен аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН
ОРУН БАСАРЫ А.ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2015-жылдын 9-июну
№57
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 9-июнундагы
№ 57 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
|
Чүй облусу Жайыл району |
||
|
Суусамыр |
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Кызыл-Дыйкан |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Панфилов району |
||
|
Орто |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Ош облусу Кара-Суу району |
||
|
Сарай |
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Сары-Колот |
25.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин |
|
|
Отуз-Адыр |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Кара-Кулжа району |
||
|
Кеңеш |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Алай району |
||
|
Кабылан-Көл |
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Коңур-Дөбө |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Ноокат району |
||
|
Көк-Бел |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Н.Исанов атындагы |
26.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин |
|
|
Талас облусу Бакай-Ата району |
||
|
Акназаров |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Кара-Буура району |
||
|
Шекер |
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Бейшеке |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Бакыян |
26.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин |
|
|
Нарын облусу Жумгал району |
||
|
Көк-Ой |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Баткен облусу |
||
|
Баткен району |
||
|
Ак-Сай |
25.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|
|
Ак-Татыр |
25.06.2015-ж., саат 14-00дөн 18-00 чейин |
|
|
Самаркандек |
26.06.2015-ж., саат 09-00дөн 12-00 чейин |
|