Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер М.У. Камбаровдун “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинде бекитилген иш стажысы жок болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 7-февралындагы № 22 токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду жокко чыгарган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2013-жылдын 12-февралындагы чечими менен М.У. Камбаровдун доо-арызын канаттандыруудан баш тарткан. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 7-февралындагы № 22 токтому күчүндө калтырылган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 7-февралындагы токтомунун жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2013-жылдын 12-февралындагы чечиминин негизинде, 2013-жылдын 11-мартындагы №27/15 чечими менен М.У. Камбаровду талапкерликке каттоодон баш тарткан.
Кара-Суу райондук сот 2013-жылдын 14-мартындагы чечими менен Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы №27/15 чечимин жокко чыгарып, аймактык шайлоо комиссияны М.У. Камбаровду Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерликке каттоону милдеттендирген.
Кара-Суу райондук соттун 2013-жылдын 14-мартындагы чечимин аткаруу максатында, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 18-мартындагы №27/21 чечими менен М.У. Камбаровду айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына каттаган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын көрсөтүлгөн чечими жокко чыгарылууга жатат.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүгүндөгү 1,2-пункттарына, 2-бөлүгүндөгү 4,5-пункттарына, 18-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 18-мартындагы “Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкер Камбаров Мунарбек Ураимовичти каттоо жөнүндө” №27/21 чечиминин 2-пункту жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 19-марты,
№ 38