№ 28 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Алай районунун Коңур-Дөбө жана Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутатт

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” 2016-жылдын 11-февралындагы ПЖ №29 Жарлыгына ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,11,12–пункттарын, 25-беренесиндеги 2,3,6,7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Токмок, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Алай районунун Коңур-Дөбө жана Ноокат районунун Көк-Бел айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 1 650 300 (бир миллион алты жүз элүү миң үч жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн. 

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасы Т.Абдраимовго жүктөлсүн.  

 

ТӨРАГА                                                                      Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек шаары, 2016-жылдын   12-февралы

№ 28