№59 Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу жана Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

2019-жылдын 6-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда катталган эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 6-майындагы № 33 буйругу менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Юлчиев Нормахамат, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2019-жылдын 22-майына дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 27-майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Жети-Өгүз жана Ноокат аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурушсун.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 8-майы
№59