№426 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталсын:

1) Заварзин Виктор Михайлович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрөгасынын орун басары, КМШ ПААдан байкоочулардын тобунун координатору (1-тиркеме);

2) Корж Иван Алексеевич, Беларус Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөрүнүн палатасынын Эл аралык иштер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары (1-тиркеме);

3) Лисицын Анатолий Иванович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин мүчөсү (1-тиркеме);

4) Сергеев Алексей Иванович, КМШ ПАА  Кеңешинин Башкы катчысы - КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчиси (1 тиркеме);

5)  Гладей Дмитрий Георгиевич, КМШ ПАА Кеңешинин Катчылыгынын жетекчисинин орун басары - Демократия өнүктүрүү, парламентаризм жана КМШ ПАА мамлекеттер-катышуучуларынын жарандарынын шайлоо укуктарын сактоо, демократия жана парлмаментаризмди өнүктүрүүнүн мониторинги  эл аралык институтунун директору (ДӨМЭИ КМШ ПАА) (1 тиркеме);

6) Антуфьев Сергей Владимирович, ДӨМЭИ КМШ ПААнын директорунун орун басары (1 тиркеме);

7) Караваев Сергей Георгиевич, ДӨМЭИ КМШ ПААнын директорунун орун басары (1 тиркеме);

8) Имамалиев Эльман Бахлул оглы, ДӨМЭИ КМШ ПААнын Баку шаарындагы филиалынын директору (1 тиркеме);

9) Амбурцев Роман Альбертович, ДӨМЭИ КМШ ПААнын филиалдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги,  ДӨМЭИ КМШ ПААнын эксперттик тобунун жетекчиси (1 тиркеме);

10) Мурадов Теймур Джавад оглы, ДӨМЭИ КМШ ПААнын Баку шаарындагы филиалынын директорунун орун басары (1 тиркеме);

11) Раскин Илья Владимирович, ДӨМЭИ КМШ ПААнын филиалдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кеңешчиси (1 тиркеме);

12) Бекетов Вадим Юрьевич, ДӨМЭИ КМШ ПААнын Баку шаарындагы филиалынын консультанты (1 тиркеме);

13) Юсифов Рамзи Юсиф оглы, ДӨМЭИ КМШ ПААнын Баку шаарындагы филиалынын консультанты (1 тиркеме);

14) Андреев Юрий Иванович, КМШнын Аткаруу комитетиндеги КМШ ПААнын Кеңешинин Катчылыгынын өкүлү (1 тиркеме);

15) Шевченко Андрей Анатольевич, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин федералдык түзүлүш, регионалдык саясат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Түндүктүн иштери боюнча комитетинин мүчөсү (1 тиркеме);

16) Гришина Майя Владимировна, Россия Федерациясынын БШК катчысы (2 тиркеме);

17) Таболкин Анатолий Анатольевич, Россия Федерациясынын БШК Аппаратынын эл аралык кызматташтык жана маалымат башкармалыгынын кеңешчиси (2 тиркеме);

18) Митулецу-Буйка Константин-Флорин, Румыниянын Туруктуу Шайлоо органынын вице-президенти (3 тиркеме);

19) Опроайка Александру Овидиу, Румыниянын Туруктуу Шайлоо органынын вице-президентинин кеңешчиси (3 тиркеме);

20) Филипов Вадим Григорьевич, Молдова Республикасынын БШК мүчөсү (4 тиркеме);

21) Отел Кристина, Молдова Республикасынын БШКсынын финансылык жана экономикалык бөлүмүнүн начальнигинин орун басары (4 тиркеме);

22) Мартин-Розумилович Беатрис, шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун Европа жана Евразия боюнча башкармалыгынын регионалдык директору (5 тиркеме);

23) Бойер Энтони Клайв, шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун Европа жана Евразия боюнча башкармалыгынын программдык ага менеджери (5 тиркеме);

24) Левовски Рената Васильевна, Шайлоо системалары боюнча эл аралык фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору (5тиркеме);

25) Гиллам Алан, Улуттук Демократиялык Институтунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору (6 тиркеме);

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 8-сентябры 
№ 426