№ 123 2016-жылдын 4 – июлунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка жана Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү ж

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 110 токтому менен 2016-жылдын 4-июлуна дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка жана Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча Ысык-Ата жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Коджакматов Канат Календерович табылсын.

2. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

 2.1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

 2.2. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бокомбаев Нурсуланбек Мамыркожоевич табылсын.

3.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

    

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 8-июлу

№ 123