Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына “Акшумкар”, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партияларынан ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө келип түшкөн сунушту карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 22, 24-пунктчаларын, 29-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- “Акшумкар” саясий партиясынан 26 адам (тизмеси тиркелет);
- “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан Нарынбаев Абдыбек Ажыбаевич.
2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 8-октябры
№ 313