Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … №11 Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү …

№11 Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге ө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктуна, 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 35-беренесинин 16, 19, 20 – бөлүктөрүнө, “Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 17, 18, 22, 25-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 токтому менен бекитилген Сактоо мөөнөтүн көрсөтүү менен мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын, иш-аракетинде түзүлгөн типтүү башкаруу документеринин тизмесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун Тартиби (мындан ары-Тартип) бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом жана бекитилген Тартип аймактык шайлоо комиссияларына жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын жана Эл өкүлдөр жыйынынын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди сактоонун, архивге өткөрүүнүн  жана жок кылуунун Тартибин бекитүү жөнүндө” 2000-жылдын 9-июнундагы № 320, “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүгө байланыштуу документтерди архивге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө” 2000-жылдын 20-ноябрындагы № 489, “Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселокторунун жана райондук баш ийүүдөгү шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкарусунуну башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди сактоонун, архивге өткөрүп берүүнүн жана жок кылуунун тартиби жөнүндө” Убактылуу нускаманы бекитүү тууралуу” 2001-жылдын 13-ноябрындагы № 522 токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул   токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго  жүктөлсүн.

 

 

            Төрага                                                                                            Т.Абдраимов

Бишкек ш., 2012-жылдын 18-январы

№ 11

 

 

Кыргыз Республнкасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2012-жылдын 18-январындагы

N11токтому менен бекитилди

 

Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти,

Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын,

жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди  

архивдерге өткөрүп берүүнүн жана сактоонун Тартиби

 

            Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) төмөнкү документтер 15 жыл бою сакталууга жана андан кийин Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивине өткөрүлүүгө тийиш:

1.1. Туруктуу мөөнөттө сакталуучу документтер:

- Кыргыз Республикасынын референдумдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтер;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдору, чечимдери;

- Кыргыз Республикасынын референдумдардын,  Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордун натыйжалары жөнүндө  Борбордук шайлоо комиссиясынын протоколдору жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын бардык келип түшкөн протоколдорунун маалыматтарын камтыган, ага тиркелген рефрендумдардын, шайлоолордун натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтык таблицалары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери;

-  Кыргыз Республикасынын референдумдарынын, Президенттн, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун биринчи нускалары, аларга тиркелген добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндөгү, участкалык шайлоо комиссияларынын бардык келип түшкөн протоколдорунун  толук маалыматтарын камтыган жыйынтык таблицалар;

- шайлоолорду,  референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен комиссияларга бөлүнүп берилген каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторунун биринчи нускалары;

- шайлоолорду,  референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнүп берилген каражаттардын чыгымдалышы жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын финансылык отчету;

1.2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоого тиешелүү документтер, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери шайлануу мөөнөтү бүткөндө жок кылынат:

- Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Жогорку Кеңештин депутаттыгына  саясий партиялар  же болбосо талапкерлер  каттоо үчүн берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун протоколдору жана тыянактары, аларга тиркелген документтер;

- Президентикке талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү саясий партиялардын, съезддеринин (конференцияларынын) чечимдери менен протоколдор, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелери;

- саясий партиялардын съезддеринде (конференцияларында), бекитилген жана алардын жетекчилери кол койгон, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелери;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна,  Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин көрсөтүүгө макулдук бериши жөнүндө арызы, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө талапкерлердин арызы;

- талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, иштеген жери, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүү менен өмүр баяны боюнча маалыматтар;

- шайлоо күрөөсүн кошконун ырастоочу документ;

- кол коюу баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин,  рефрендум өткөрүү боюнча демилгелүү топтун кол коюу баракчаларындагы колтамгаларынын аныктыгын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү жалпы ведомость,

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билишин сынактан өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө Тил комиссиянын жыйындарынын чечимдеринин протоколдору жана аларга тиркелген материалдар;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө КР ИИМинин ИАЦнын маалыматтары;

- талапкерлердин паспортторунун көчүрмөлөрү;

- Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу менен айкалышпаган ыйгарым укуктарын тапшырып берүү жөнүндө арыз жана аларга тиркелүүчү буйруктардын, тескемелердин көчүрмөлөрү.

 1.3. Убактылуу мөөнөткө сакталуучу документтер:

а) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыялангандан күндөн тартып бир ай өткөндө жок кылынат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу баракчалары;

- Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын  шайлоону, референдумдарды өткөрүүдө шайлоочуларды маалымдоо маселелри боюнча Жумушчу топтун документтери;

- Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун документтери;

- референдум өткөрүүнү колдогон кол коюу баракчалары;

- эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо боюнча документтер;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, саясий партиялар дайындаган Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлдөрдүн, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн, ишенимдүү адамдардын, байкоочулардын тизмелери (жок кылуу тартиби тиркелет).

б) шайлоонун, рерферендумдардын жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндө жок кылынат:

- Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн добуш берүү жыйынтыктары боюнча уччасткалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун көчүрмөлөрүнүн, шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрүн камтыган сейф-пакеттер;

- Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоо боюнча арыздарды, даттанууларды каттоо журналы;

- "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуулар жөнүндө түшкөн арыздар, даттануулар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер.

в) төмөнкүлөр беш жыл сактоо мөөнөтү өткөндө жок кылынат:

- шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин алганы жөнүндөгү актылар;

- Контролдук-текшерүү тобунун справкалары жана финансылык жыйынтык отчетко тиркелген шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча талапкерлердин финансылык отчеттору, шайлоо фонддорунун акча каражаттарынын түшүшүн жана чыгымдалышын ырастоочу финансылык документтер;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан кол коюлган, бекитилген буйруктар, тескемелер жана башка документтер.

2. Аймактык шайлоо комиссияларында, Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары шайлоолорду уюштуруу боюнча  аймактык комиссияларда шайлоолордун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл бою сакталат, андан кийин, тиешелүү шаарлардын жана райондордун мамлекеттик архивдерине же алардын филиалдарына туруктуу сактоого төмөнкүдөй документтер өткөрүлүп берилет:

2.1.   Туруктуу мөөнөткө сакталуучу документтер:

- аймактык шайлоо комиссияларынын жыйындарынын протоколдору жана аларга карата документтер;

-  добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун экинчи нускалары, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын бардык келип түшкөн протоколдорунун толук маалыматын камтыган жыйынтык таблицалар;

- шайлоолорду, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын финансылык отчеттору;

-  добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун биринчи нускалары.

2.2. Убактылуу мөөнөткө сакталуучу документтер:

а) шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндө жок кылынат:

- шайлоочулардын тизмесине киргизүү жөнүндө (№1 форма), шайлоо дареги жөнүндө (№ 2 форма), жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (№ 3 форма)  арыздар жана аларга тиркелген шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөлөрү;

- байкоочулардын жана башка адамдардын, анын ичинде эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын катышуусу жөнүндө актылар, байкоочулардын арыздарын, актыларын тиркөө менен;

- Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоого, референдумга добуш берүүнү өткөрүүгө, шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүгө катышкан адамдардын тизмеси;

- шайлоо учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында болбой тургандыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арыз;

-  добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын арызы (кайрылуусу).

б) шайлоолордун, референдумдардын жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндө жок кылынат:

- "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдарын, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуулар жөнүндө шайлоо комиссияларына түшкөн арыздар, даттануулар жана алар боюнча кабыл алынган участкалык/аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери;

- даттанууларды жана арыздарды каттоо журналы;

- мөөр басылып чапталган жарактуу шайлоо бюллетендери;

- мөөр басылып чапталган жараксыз шайлоо бюллетендери;

- мөөр басылып чапталган жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери;

- жокко чыгарылган шайлоо бюллетендерин өткөрүп бергендик жөнүндөгү акт;

- шайлоо бюллетендерин өткөрүп бергендик жөнүндө акт (жарактуу/жараксыз).

в) кезектеги шайлоо өткөрүлгөнгө чейин сакталат:

- мөөр басылып чапталган шайлоочулардын тимеси.

3. Участкалык шайлоо комиссияларында комиссиянын иштеген мөөнөтүнө сактоого добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколунун экинчи нускасы, анын чоңойтулган формасы калат, андан ары алар аймактык шайлоо комиссиясына жок кылуу үчүн өткөрүп берилет.

4. Аймактык шайлоо комиссиялары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө өздөрүнүн мөөрлөрүн, участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрлөрү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат.