№70 Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2018-жылдын 30-мартына дайындалган Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 13-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Талас аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн


ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 30 - марты
№ 70