Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110-токтому менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июнуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 16-июль 2013-жылдагы № 36 б буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 3-чечимине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесиндеги 3-, 4-бөлүктөрүнө, 49-беренесиндеги 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 12-августуна дайындалсын:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо;
- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо.
2.Сузак, Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б. Д. Максутбаевке жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ Г.ДЖУРАБАЕВА
Бишкек ш., 2013-жылдын 24-июлу
№ 127