Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык аймагынын, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-пунктка, 18-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиешелүү түрдө 2013-жылдын 12- жана 16-февралына дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык аймагынын, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо сот тартибинде биротоло каралып чыкканга чейин кийинкиге калтырылсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 6-февралы
№ 21