26.06.20ж. №121 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ жѳнүндѳ Жобо тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ жѳнүндѳ Жобо тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ жѳнүндѳ» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Тѳмѳндѳгүлѳр күчүн жоготту деп таанылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилѳѳ жѳнүндѳ» жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы № 89 -токтому.

4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА​                                                                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 26-июну

№ 121