№216 2017-жылдын 3, 5, 6-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 3, 5, 6-июлуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин, Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү, жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен, Аксы  районунун Кара-Суу, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Алай, Токтогул, Аксы, Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын шайланган мэри болуп Исмаилов Уларбек Тавалдиевич табылсын.

2. Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Ош облусунун Алай районунун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Артыков Бакыт Жакышович табылсын.

3. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Торкен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Торкен айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Жуматаев Шайлообек Казыбекович табылсын.

4. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

4.1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

4.2. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бекназаров Руслан Азимбекович табылсын.

5. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

5.1. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

5.2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Калмаматов Мирланбек Ыманалиевич табылсын.

6. Алай, Токтогул, Аксы, Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

Төраганын орун басары                                               А. Бекматов

Бишкек ш, 2017-жылдын 10-июлу, 
№ 216