№142 2016-жылдын 6-сентябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

№142 2016-жылдын 6-сентябрында өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 138 токтому менен 2016-жылдын 6-сентябрына дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                  7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.  Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

 1.1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

 1.2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Асылбеков Нургазы Чолпонкулович таанылсын.

2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы  Н. К. Шайлдабековага  жүктөлсүн.

 

 

 ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                     

 

Бишкек ш., 2016-жылдын  21- сентябры

№ 142