Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4- бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1- бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Ли Альберт Анатольевич, 1953 - жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Самаганова Анар Дуйшеновна, 1961 - жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Кайбылдаева Райкан, 1959 - жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Мияров Керимбек Эшимович, 1956 - жылы туулган, убактылуу иштебейт;
- Эшимов Джумагазы, 1950 - жылы туулган, пенсионер;
- Джетигенов Дженишбек, 1945 - жылы туулган, пенсионер.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Б.Калматовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2011-жылдын 8-сентябры
№ 240