Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 28-апрелиндеги № 6 протоколу менен 2012-жылдын 28-апрелине дайындалган Токмок шаарынын мэрин шайлоо Токмок шаардык кеңешинин кворуму болбой калгандыгынан өткөн жок деп белгилеген. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок шаарынын мэрин кайра шайлоо 2012-жылдын 2-майына дайындалсын.
2. Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүргүзүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына 2012-жылдын 1-майында жарыялансын жана календарлык күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 30-апрели
№ 66