“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.С. Арзымбаев боюнча Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы (мындан ары-АШК) 2014-жылдын 19-мартындагы отурумунда депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселени карап, соттук процесстердин аягына чыкканга чейин токтотуп туруу чечимин кабыл алган.
Депутат А.С. Арзымбаев, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2013-жылдын 2-майындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 4 (төрт) жылга эркинен ажыратылып, КЖКнын 63-беренесинин негизинде жазасы шарттуу деп табылып, 1 (бир) жыл сынак мөөнөтү белгиленген.
Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 5 (беш) жылга эркинен ажыратылып, КЖКнын 63-беренесинин негизинде жазасы шарттуу деп табылып, 3 (үч) жыл сынак мөөнөтү белгиленген.
А.С. Арзымбаев, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык тартипте даттанган. Бишкек шаардык соту, 2014-жылдын 14-мартындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2013-жылдын 30-декабрындагы А.С. Арзымбаевке карата чыгарган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.
Бишкек шаарынын Ленин райондук соту, Арзымбаев Алтынбек Сабиржанович соттолгон адам катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна көзөмөл ирээтинде даттануу келтирбегенин билдирген.
2014-жылдын 12-майында Кара-Көл шаардык кеңешиндеги “Ата Мекен” фракциясы, Бишкек шаардык сотунун 2014-жылдын 14-мартындагы өкүмүнүн негизинде депутат А.С. Арзымбаевдын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотууну жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттан кийинки талапкерге бош калган депутаттык мандатты берүүнү сунуштаган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-, 7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 токтомунун “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынын тизмеси боюнча А.С. Арзымбаев Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды деп табылган бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты А.С. Арзымбаевдин каттоосу ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып А.С. Арзымбаевдин депутаттык күбөлүгү жараксыз деп таанылсын.
4. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы, мыйзамда белгиленген тартипте, бош калган депутаттык мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган талапкерге берүүнү карасын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Көл АШКна жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 7-июлу
№92