№ 96 “2017-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шай

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин төрагасынын жана жергиликтүү жамааттын тургундарынын кайрылууларын эске алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,4,5-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2017-жылдын 28-майына дайындалган, Кыргыз Республикасынын

Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-апрелиндеги №80 токтомуна (мындан ары – токтом) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Токтомдун тиркемесинин он жетинчи абзацынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин Бактуу-Долоноту №1 шайлоо округунун (УШК №3030) “мандаттардын саны” деген сөздөрдөн кийин “7” деген цифра “6” деген цифрага алмаштырылсын;

2) Токтомдун тиркемесинин он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

№ 3 шайлоо округу (УШК №3052) 

Борбору – айыл өкмөттүн имараты

Шайлоочунун саны: 1704

Мандаттардын саны - 6

Чек арасы – батыш тарабы - С.Абыкеев жана О.Кыдырмаев көчөлөрү,  чыгыш тарабы - Алжанбай, Далбай, Манас, Кенебаев, Талканбаев, Шопоков көчөлөрү, чыгыш тарабы – Кара-Суу суусу, Асандын ойу жана Мамажан массиви.

№4 шайлоо округу (УШК №3032)  

Борбору – “Чайка” клубу.

Шайлоочунун саны: 1409

Мандаттардын саны - 5

Чек арасы – батыш тарабы - Кара-Суу суусу, чыгыш тарабы - Алжанбай, Далбай, Манас, Кенебаев, Талканбаев, Шопоков көчөлөрү, Городок массиви, чыгыш тарабы - Бостери айылы.

 

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына, жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 24-апрели

№96