№ 120 Бишкек шаарынын кээ бир шайлоо комиссияларынын схемаларына жана чек араларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясы берген сунушка байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2017-жылдын 13-майында кабыл      алынган № 5/2 чечимдин негизинде,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


 1. Бишкек шаарынын кээ бир участкалык шайлоо комиссияларынын схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр төмөнкүдөй бекитилсин:

- Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү № 547, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин башкы корпусунун имараты дареги боюнча жайгашкан №1001 шайлоо участогун убактылуу жоюу;

- шайлоочулардын бөлүгүн № 1205 жана № 1211 шайлоо участкаларына өткөрүп Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү № 100, «Ореми» Акционердик коомунун имараты дареги боюнча жайгашкан № 1212 шайлоо участогун убактылуу жоюу;

- шайлоочулардын бөлүгүн № 1217 шайлоо участкасына өткөрүп Бишкек шаары, Чуй пр. № 207, Кыргызстан кесиптик бирикмелердин федерациясынын имараты дареги боюнча жайгашкан № 1218 шайлоо участогун убактылуу жоюу;

- Бишкек шаары,  Чолпон-Ата көчөсү №3, № 93 кесиптик лицейдин имараты дареги боюнча № 1155 жаңы шайлоо участогун ачуу;

- Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү № 121, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин имараты дареги боюнча жайгашкан № 1201 шайлоо участогун мындан ары убактылуу жоюу менен, №1201 жана № 1202 шайлоо участокторун бириктирүү.

 

2.  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы № 1155 жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3.    Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

       

ТӨРАГА                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 20-майы

№ 120