№ 261 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ №213 жана 2016-жылдын 27-октябрындагы ПЖ №233 Жарлыктары менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал райондорунун 60 айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан берилген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протоколдорунун негизинде,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Жалал-Абад облусунун:
- 2016-жылдын 14-декабрындагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын: Кашка – Суу, Жерге-Тал, Кызыл-Туу, Кара – Суу, Жаңы-Жол, Ак – Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, Ш. Назаралиев  айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 14-декабрындагы Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын: Ала-Бука, Ак-Там, Ак-Коргон, Т.Балтагулов, Өрүктү, 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 17-декабрындагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын: Арстанбап, Кызыл-Үнкүр, Талдуу-Булак, Могол, Кеңеш, Бешик-Жон, Акман, Сейдикум, Базар-Коргон айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 19-декабрындагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын: Шайдан, Масы, Арал, Ноокен, Сакалды, Момбеков, Бүргөндү, Достук айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 18-декабрындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын: Кара-Дарыя, Сузак, Ырыс, Таш-Булак, Барпы, Атабеков, Багыш, Кыз-Көл, Ленин, Курманбек, Кара-Алма айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 14-декабрындагы Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын: Каргалык, Сары – Булуң айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 17-декабрындагы Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын: Сары-Камыш, Э.Аралбаев, Бел-Алды, А.Суеркулов, Жаңы-Жол, Терек-Суу, Чолпон-Ата, Ничке-Сай, Кызыл-Өзгөрүш, Үч-Терек айылдык кеңештеринин;
- 2016-жылдын 14-декабрындагы Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын: Каныш-Кыя, Чаткал, Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө  протоколдору бекитилсин.
2. Бул токтомдун көчүрмөлөрү Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2016-жылдын 24 –декабры
№  261