№482 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын №2104 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы №2104 шайлоо участкасынын дареги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Департаментинин  имаратынан шаардык автобекетинин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 28-сентябры 
№ 482