№ 233 Ош облусунун Кара-Суу, Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүА. Адановдун, Ф.  Доскееванын аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, аймактык шайлоо комиссиянын курамына резервде турган О.Ю. Хворостанцева, Д.Т. Жамангулова киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аданов Абдырахман чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Хворостанцева Ольга Юрьевна киргизилсин.

2. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Доскеева Фатима  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жамангулова Динара Токтомамбетовна киргизилсин.

3.Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын   5 - декабры

№ 233