№175 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш;  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол; Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач; Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка, Сосновка, Красный Восток; Сокулук районунун Ново-Павловка, Фрунзе жаңыдан шайланган айылдык кеңештеринин биринчи сессиялары өткөрүлгөн.

 “Кыргыз  Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка, Красный-Восток айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 10-июлуна дайындалсын,  Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин, Красный-Восток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш; Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол; Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач; Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка, Сокулук районунун Ново-Павловка, Фрунзе айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 11-июлуна дайындалсын,  Ак-Таш, Улахол, Кара-Жыгач, Полтавка, Ново-Павловка айыл  өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо саат 9-00дөн 12-00гө чейин, Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                                    А. АБДРАХМАТОВА                                       

Бишкек ш. 2017-жылдын 22-июну

№ 175