2013-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 88 жана № 89 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн жана Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
Аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2013-жылдын 11-июнундагы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
3.Эгимбаев Курманбек Бектурганович Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
4.2013-жылдын 11-июнундагы Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
5.Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилсин.
6.Карагулов Мирлан Кынатбекович Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.
7.Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
8.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9.Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 28-июну
№ 109