№11 Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 15-январындагы № 1 буйругу менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыров Бектен Солтобекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 12-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 24 - январы
№ 11